Бишкекте нан бышыруучу жайга кирип, кызматкерди бычактап кеткен жаран кармалды

Бишкекте нан бышыруучу жайга мас абалында кирип, кызматкерди бычак менен сайып, тоноп кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 30 жаштагы К.Т. кайрылган. Анда ал кечээ, 19-октябрда саат 05:00 чамасында Пушкин көчөсүндө жайгашкан нан бышыруучу жайга мас абалдагы белгисиз жаран кирип, бөйрөк тарабына бычак сайып, чөнтөгүнөн 2 миң сом акчасын алып кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 24 жаштагы Т.Б. аттуу жаран кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан