Кара-Суу районундагы тазалык кызматкери менен Салык кызматынын өкүлүнүн ортосунда болгон мушташ боюнча иликтөө токтотулду

Кара-Суу районундагы тазалык кызматкери менен Салык кызматынын өкүлүнүн ортосунда болгон мушташ боюнча иликтөө токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Аталган башкармалыктын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев: “Алардын канчалык жабыркаганын текшерүү үчүн соттук-медициналык текшерүүдөн өтүшү керек болчу, бирок баш тартышкан. Кечээ “бири-бирибизге эч кандай дообуз жок” деп тосмо арыз жазышты. Мындан улам кылмыш иши козголгон жок, иликтөө иштери токтотулду”, - деп билдирди.

Ал эми буга чейин Мамлекеттик салык кызматы кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында Кара-Суу районундагы кызматкери иштен алынганын билдирген эле.

Айта кетсек, окуя 5-октябрга караган түнү болгон. Анда базардын аймагын тазалап жаткан Эркин Алмакеев менен Салык кызматында иштеген Ариет аттуу адам мушташа кетишкен. Жыйынтыгында экөө тең денесинен жараат алып, милицияга арыз жазышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zhykyo
2016-10-20 16:45:22
Экоонун жумушун алмаштырып иштетип коюш керек болчу
0
jamilya03
2016-10-20 19:11:18
Андай кечиримдуу экенсинер элге даршан болбой бутурсонор болмок экен бере турганынарды берип ала турганынарды алып.Бизде ушундайыбыздан коп кылмышкерлер жазаланбай жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан