Аламүдүн районунда "57 жаштагы жаранды себепсиз таш менен урган" деп шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 57 жаштагы Т.А. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 11-октябрь күнү саат 01:00 чамасында Улук аттуу чала тааныш жигит жана анын эки таанышы мас абалында себепсиз таш менен ургулаганын билдирген. Бул факт боюнча "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 19 жаштагы Ж.С., Т.Н. жана 18 жаштагы Т.У. аттуу жарандар кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.