Бишкекте "өспүрүмдүн уюлдук телефонун тартып алган" деп шектелген жаран кармалды

Бишкекте "өспүрүмдүн уюлдук телефонун тартып алган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 28 жаштагы М.М. аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал 11-октябрь күнү саат 15:00 чамасында белгисиз жаран күч колдонуу менен 15 жаштагы инисинин 8 миң сомдук уюлдук телефонун тартып алганын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 31 жаштагы Э.Б. аттуу жаран кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан