№37-абактын жетекчиси пара менен кармалды

№37-абактын жетекчиси пара менен кармалганын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган абактын жетекчиси М.Э. абактагы Г.С. аттуу соттолуучунун эркиндикке чыгып туруусуна уруксат берүү үчүн жалпы 300 доллар жана 9 миң сом алган. Ошондой эле унаасына 2 дөңгөлөк алып берүүсүн талап кылган.

22-октябрь күнү аталган жетекчи 5 миң сом жана 2 дөңгөлөк алып жаткан жеринен кармалган. Учурда "пара талап кылуу", "пара алуу" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан