Мамлекеттик каттоо кызматынын Ош шаарындагы Жарандарды жана жарандык абалынын актыларын каттоо департаментинин кызматкерине Ош шаардык прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат бөлүмү бүгүн, 24-октябрда билдирди.
Маалыматка ылайык, департаменттин тез убакта документтештирүү бөлүмүндө "Кыргыз Республикасынын жаранынын документтерин кабыл алуу, паспортун жол-жоболоштуруу, берүү, эсепке алуу, даярдоо жана жалпы жарандык паспортун жекелештирүү тартиби жөнүндө" нускамасынын талаптары бузулган.
"Тез убакта документтештирүү бөлүмүнүн кызматкери расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизип, О.А. аттуу жаранга мыйзамсыз жалпы жарандык паспорт беришкени аныкталды. Ал документтерге учурда өзүнүн паспортун колдонуп жүргөн өлкөбүздүн Х.Б. аттуу жаранынын маалыматтары киргизилген. Х.Б. паспортторун 2006-жылы алган жана алмаштыруу үчүн кайрылган эмес", - деп жазылат маалыматта.
Ал эми Орусиянын Ички иштер министрлигинин Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын билдиргенине ылайык, О.А. аттуу жаранга Орусия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салынганы белгилүү болду.
"Бул факт боюнча айрым кызматкерлерге Кылмыш кодексинин 304-берене (кызмат ордун кыянаттык менен пайдалануу) жана 315-беренеси (документтерди оңдоп коюу) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө", - деп кошумчалаган Башкы прокуратуранын маалымат бөлүмү.