Кара-Балта шаарында батирден өрт чыгып, үй ээси түтүнгө ууланды. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт тууралуу маалымат кечээ, 23-октябрь күнү саат 16:33 чамасында келип түшкөн.
“Өрт кырсыгы Кара-Балта шаарынын Бейшеналиева көчөсүндөгү №24-үйдүн 2-батиринде болгон. Анда уктоочу бөлмөдө диван, матрац күйүп, түтөгөн. Анын кесепетинен үй ээси 1969-жылы туулган Олег Сидоров түтүнгө ууланып, Кара-Балта шаардык ооруканасына жеткирилген. Кырсыктын келип чыгышына тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгон”, - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.