Бишкекте "21-октябрда үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз" делип жаткан 22 жаштагы Токтокан Жаныбек кызы табылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда SUPER.KG порталына аталган кыздын группалашы Нурсултан Бердиев билдирди.
"Токтокан Жаныбек кызынын Базар-Коргон районунда экени аныкталды. Ушул тапта ата-энеси аны Базар-Коргондон Бишкекке алып келе жатышат. Ал жакка эмне себептен кетип калганы белгисиз", - дейт Бердиев.
Эскерте кетсек, Т.Жаныбек кызы 21-октябрь күнү саат 17:00 чамасында Бишкек шаарынын Көлмө конушундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз делип, изделип жаткан.