Куудул Жеңишбек Айтиевдин уулунун өлүмүнө шектелген жаран 2 айга камалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, тиешелүү чечимди кечээ Ош шаардык соту чыгарган. Ага ылайык, кылмышка шектүү 2 ай тергөө абагында болот.
Айта кетсек, окуя 21-октябрь күнү саат 12:00 чамасында Ош шаарынын Гостелло көчөсүндөгү 1Б үйүнүн алдында болгон. Анда 2004-жылы туулган Туратбек Акпаралиевди (Жеңишбекович) 1994-жылы туулган А.Н. аттуу жаран бир нече жолу бычак менен сайып салган. Жабырлануучу ошол жерден каза болгон.
Ал эми кылмышка шектүү А.Н. өз көрсөтмөсүндө "кошунамдын баласы тамагыма уу салганы келе жаткан экен, бычакты алып сайып жибердим" деп айткан.