Жалал-Абад облусунда Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын кызматкери пара менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, 21-октябрь күнү Жалал-Абад облустук прокуратурасына И.Ж. аттуу ишкер кайрылып, Жалал-Абад шаардык жана Сузак райондук экологиялык-техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын кызматкери Ч.Т. маселени оң жакка чечүү үчүн пара талап кылып жатканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, аталган кызматкер 6 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалган. Учурда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “пара талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.