Орусияда тартип сакчысына пара берүүгө аракет кылган Кыргыз Республикасынын жаранына 90 миң рубль айып салынды

Орусиянын Красноярск шаарында Кыргыз мамлекетинин жараны полиция кызматкерине пара берүүгө аракет кылгандыгы үчүн соттолуп, ага 90 миң рубль айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 2015-жылдын февраль айында тартип сакчылары полиция бөлүмүнө 21 жаштагы Кыргыз Республикасынын жаранын алып келишкен. Текшерүүдөн кийин ал Орусиядагы убактылуу мөөнөтү бүтсө да өлкө аймагынан чыгуудан качып, миграциялык мыйзамды бузгандыгы аныкталган.

"Аймактык тескөөчү протокол түзүп жаткан учурда кармалган адам административдик жоопкерчиликке тартылып калбоо үчүн анын столунун үстүнө 3 миң рубль койгон. Ошол жерден полиция кызматкерлери аны кармап, кылмыш иши козголуп, 2016-жылдын май айында Кыргыз өлкөсүнүн жаранын күнөөлүү деп табышкан. Жыйынтыгында сот ага 90 миң рубль айып пул салган. Соттолгон жарандын жактоочусу ага берилип жаткан жазанын адилетсиз экендигин айтып, ага салынган айып пулдун суммасын азайтууну суранган. Бирок сот анын сунушун негизсиз деп таап, өкүмүн өзгөрткөн эмес", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
MEDER_KULETOV
2016-10-25 10:27:41
Кыргызстанда жүргөндөй элестеткенго
+1
Begimkyz
2016-10-25 10:42:54
MEDER_KULETOV,Орустарын деле алат шыпырып эле. Просто бул полицияга акча керек эмес же дагы бир звания алыш учун ошол ишке барган. Типо таза иштеген полиция болгусу келиптир да чондорунун козунчо, гос.бюджетке пайда киргизди же премия жазат же званиясы которулот да.
+19
tynkatar03
2016-10-25 10:54:21
Столго коюп да акча берчу беле российский менттерге ары тартып барып эле акырын колуна карматыш керек болчу алат эле балээдей эле. Просто уялып кеткен окшойт менттерин.
+11
UlukmanKalyev
2016-10-25 10:57:36
Берип эле жүргөнүбүз. Өзүнчө кыйын болуптур да эл көзүнө
+7
kan_koshcoi
2016-10-25 11:48:40
Бербесен,100сом бер деп эле сурашатго иттер...
+4
Bayjigit83
2016-10-25 12:40:01
Менимче ал жерде кабинетте камера болгон.
Чонтогунон акча чыгарып столго койгондо камерага тушуп калган,андан корккон полиция дароо иш козгогон да.
Бекитип бериш керек болчу.
+7
Ais07
2016-10-25 12:59:15
Полиция эмес, университеттеги мугалимдерин деле бекитип алышат го. Андай кылбай суйлошуш кк болчу)
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан