ЖЫЛНААМА, 25-ОКТЯБРЬ: Эки жыл мурун Кара-Балта шаарында үлпөт тойдогу кортеждин унаасы 2 аялды сүзүп кеткен

2014-жылдын 25-октябрында Кара-Балта шаарында үлпөт тойдогу кортеждин унаасы 2 аялды сүзүп, алар окуя болгон жерден каза болушкан. 20 жаштагы айдоочуга карата Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми кырсыктан каза тапкан аялдар Панфилов айылынын жашоочулары болушкан. Алар жолдон өтүп баратышкан, аларды өткөрүү үчүн лимузин унаасы да токтогон. Бирок аялдарды байкабаган экинчи унаанын айдоочусу лимузинден ашып кетүү үчүн өтмөк жолдон катуу ылдамдыкта өтүп баратып жөө жүрүүчүлөрдү сүзүп кеткен.

25-октябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан