Кызыл-Кыя шаарында май куюучу жайдан өрт чыгып, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгы тууралуу маалымат кечээ, 25-октябрь күнү саат 16:33 чамасында келип түшкөн.
“Өрт кырсыгы “Альфа-Ойл” ишканасына таандык май коюучу станцияда болуп, цистерна күйгөн. Анын кесепетинен эки кызматкери: 1963-жылы туулган Абдуламид Алмуратов жана Абдужалал Ажимаматов 2-даражадагы бетинен жана колунан күйүк алган. “Тез жардам” кызматы тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын пайдаланууда эреженин бузулушу себеп болгон”, - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.