Чүй облусунун Сокулук районунда бейбаштыкка шектелип 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2016-жылы 29-октябрда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Шопоков шаарынын 28 жаштагы Б.Б. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда 28-октябрда саат 01:30 чамасында Адилет аттуу чала таанышы эч кандай себеби жок сабагандыгы жазылган.
"Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, Сокулук РИИБинин кызматкерлери 27 жаштагы К.А. аттуу жергиликтүү тургунду кармашкан. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турганы аныкталган. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иши жүрүп жатат", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.