ӨКМнин райондук бөлүмүнүн адиси И. Умарбаевтин берген
маалыматы боюнча, Баткен облусунун Кадамжай
шаарчасындагы Cанги бала
тоосундагы кооптуу болгон чоң таштарды тоо астында жайгашкан турак үйлөргө зыян келтирбөөсү үчүн 12-ноябрь күнү
Кадамжай шаарчасындагы
Омега курулуш ишканасынын
кызматкерлери тарабынан 3 жолу
жардыруу иштери жүргүзүлүп,
жардырылган таштар ӨКМ
тарабынан казылган атайын чуңкурга түшүрүлдү.
Жардыруу учурунда жакын
арадагы турак үйлөрдөн
жабыр тартып зыянга учураганы жок. Бул тууралуу
ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынан билдиришти.