Казакстанда белгилүү актёр "тасма тартууга багытталган каражатты уурдаган" деген шек менен кармалды

Казакстанда белгилүү актёр жана продюсер Тунгышбай Жаманкулов “Феникс” тасмасын тартууга багытталган каражатты уурдоого айыпталып кармалды. Бул тууралуу казакстандык маалымат каражаттары жазышты.

Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүү 69 миллион теңгени өзү түзгөн "Т.К.Turan Universal Business" фирмасы аркылуу кымырып алган.

Буга чейин Тунгышбай Жаманкулов Театр ишмерлер биримдигинин төрагасы катары маданият жана спорт министрин сексуалдык асылууга күнөөлөгөн жаш актрисаны колдоп чыккан. Министр бул билдирүүлөрдү жалган жалаа деп атаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bom.bon
2016-11-03 12:28:42
Эгер ушундай иш Кыргызстанда болгондо Т.Ж аттуу актёр кармалды?
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан