Аксыда төкмө акын Токтосун Тыныбековдун 85 жылдык мааракеси өтөт
17-ноябрда Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Тегене айылында белгилүү төкмө акын Токтосун Тыныбековдун 85 жылдыгына арналган маараке өтөт. Иш-чара акындын үй-бүлөсү, жакындарынын демилгеси менен уюштурулуп жатат. "Токтосун Тыныбековдун чыгармачылыгын баалаган бардык өнөр сүйүүчүлөрдү мааракеге чакырабыз",- дейт акындын кызы Клара Тыныбекова.