Борбор калаада уурулукка шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 38 жаштагы Д.М. кайрылган. Анда ал 2-ноябрдан 3-ноябрга караган түнү көп кабаттуу үйдүн кампасынан белгисиз адамдар 7,5 миң сомдук жана 5 миң сомдук эки велосипедин уурдап кетишкенин билдирген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 27 жаштагы И.Н. жана Бишкек шаарынын 36 жаштагы Г.К. аттуу тургундары кармалган. Учурда алар Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.