Ошто башка жарандын паспорту менен Москвага учууга аракеттенген жаран кармалды

Ошто башка жарандын паспорту менен Москвага учууга аракеттенген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ Ош-Москва каттамы боюнча №965-рейсти текшерүү учурунда 1991-жылы туулган М. у. А. аттуу жаран кармалган. Ал башка адамга тиешелүү паспорт менен өлкөдөн чыгып кетүү аракетин көргөн. Териштирүү иштеринин алкагында кармалган жаран эгиз түгөйүнө тиешелүү паспорт менен Москвага кетүүнү пландаган. Тиешелүү документтер толтурулуп, ал УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Rasul1987
2016-11-04 17:09:11
Ушунчалык да тупой болосуңарбы башка бирөөнүн паспорту менен учам дегендер. Ойлойт окшойсуңар "Ал жакта да мага окшогон тупой отурат, тигинин паспортун көрсөтүп койсом ишенип өткөрүп ийет"-деп.
+3
Mirzohidjon
2016-11-04 20:18:03
Эгизак болсо эмне текшеруу системи билип калат бекен ыя?
-2
Kroxa
2016-11-04 22:11:36
Азыр паспорт алуу оной го кыйла срочно алса да болот 4 кундо эми штраф,белети да куйду ушунчалык да карангычылык болобу??
+3
Patriotkgz93
2016-11-05 09:49:54
Эгизди да байкап койутурбу эээ???
0
Gulnaz.GS
2016-11-05 21:26:28
Байкуш
0
mi2000
2016-11-06 01:43:22
Коргом мен шеригимдин пасспорту деп келген биз мн. Ал дагы РФ.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан