Бишкектеги батирлердин биринен үй ээсинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын өтүнүчү менен Бишкек шаарынын Куткаруу кызматы Турусбеков көчөсүндөгү №111-үйдүн батиринин эшигин ачып берген. Батирдин ичинен болжол менен 50-55 жаштагы үй ээсинин жансыз денеси табылып, укук коргоо кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.