Бишкек-Ош жолунда оор жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүшүп, 1 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Ноокен районунда, Бишкек-Ош жолунун 527-чакырымында орун алган. Анда Мерседес үлгүсүндөгү унаа менен оор жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Натыйжада Мерседес унаасынын 1992-жылы туулган О.Р. аттуу айдоочусу окуя катталган жерден каза болуп калган. Ал эми оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу жеңил жаракат алып, ага алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн.