Израил Ирандын соккусунан курман болгондордун санын ачыктады

Израилде Ирандын аткылоосунан 25 израилдик набыт болуп, 1300дөн ашууну жаракат алышты. Бул тууралуу Израилдин премьер-министринин кеңсесинин өкүлү Дмитрий Гендельман билдирди.

"25 адам каза болду. 1361 адам жаракат алды",- деп жазды ал 23-июнда Telegram каналында.

Анын айтымында, 14 жабырлануучунун абалы оор, 55 адамдын абалы орточо. Ал эми калган 1292 жергиликтүү тургун жеңил жаракаттарды алышкан.

15 миңге жакын адам үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. 10 900дөн ашуун жергиликтүү тургун мамлекеттик бюджеттин эсебинен мейманканаларга жайгаштырылса, 4 миңге жакын жаран туугандарына жана жакындарына кеткен.

Гендельман 13-июндан бери Иран Израилге 500дөн ашык ракета жана 1000ден ашуун учкучсуз учактарды учурганын белгилейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан