ЖЫЛНААМА, 17-НОЯБРЬ: 1997-жылы Египетте террорчулар 58 туристти жана жергиликтүү 4 тургунду өлтүрүшкөн

1997-жылы 17-ноябрда таңга маал 58 адамдан турган туристтердин тобу жүргүнчүлөрдүн автобусу менен Хатшепсут ибадатканасына барган. Көп өтпөй аталган жерге Египеттеги "Аль-Гаимаа аль-Ислами" тобунун 6 террорчусу келип, храмдын оозун тосуп, полиция кызматкерин жана билет саткан 2 адамды атып салышкан. Андан соң 58 туристтин баарын атып жана кескилеп өлтүрүшкөн.

Террорчулар автоматтар жана бычактар менен куралданып, коопсуздук кызматкерлеринин формасын кийип жүрүшкөн. Алар окуя болгон жерден качып баратканда жолдон бирөөсү укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Бир нече күн өткөн соң калган террорчулардын жансыз денелери Египеттеги үңкүрлөрдүн биринен табылган.

Окуяда 62 адам курман болуп, 26 адам жаракат алган. Көз жумгандардын көпчүлүгү Швейцария, Германия жана Улуу Британиядан келген туристтер экендиги аныкталган.

17-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан