Бишкекте "жер тилкесин сатып берем" деген шылтоо менен акча алып, алдамчылык менен алектенип жүргөн шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 29 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Анда ал Н. аттуу чала таанышы анын ишенимине кирип, жер тилкесин сатып берүүнү убадалап 3,5 миң долларын алып, качып жүргөнүн билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 30 жаштагы К.Н. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда ал ушул сыяктуу башка кылмышка да шектелүүдө. Факт боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.