Бишкекте жылуулук түтүктөрү өтүүчү люктан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Биринчи Май районунда Лев Толстой-Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишиндеги жылуулук өтүүчү люктан эркек адамдын жансыз денеси табылган. Аталган дарекке келген куткаруучулар маркумдун сөөгүн чыгарышып, медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Айта кетсек, көбүнчө кыш мезгилинде жылуулук өтүүчү түтүктөр жайгашкан люктарда үй-жайы жок адамдар баш калкалашат.