Бишкектеги Дэн Сяопин көчөсүндө аялды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Бишкектеги Дэн Сяопин көчөсүндө аялды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 16-ноябрь күнү саат 06:57 чамасында Дэн Сяопин көчөсүндө болгон. Анда белгисиз айдоочу унаасы менен 1971-жылы туулган К.Л. аттуу аялды сүзүп, качып кеткен. Жабырлануучу алган жараатынан улам ошол жерден каза болгон.

Унаа Хонда Стрим үлгүсүндө экени аныкталып, айдоочу изделип жаткан. Кечээ жол кырсыгына себепкер болгон айдоочу кармалды. Ал 1991-жылы туулган Н.А. экени аныкталды. Аны туугандары өздөрү милицияга алып келишкен. Ал катуу коркконунан качып кеткенин айткан. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат”, - деп билдиришти Патрулдук милиция башкармалыгынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
abusait
2016-11-18 09:52:57
Кырсык каш кабактын ортосунда. Качпай эле биринчи жардам корсотконундо жазан женилдемек менин оюмча. Киши сузуп камалып кеткен айдоочуну уга элекмин. Кобунчо акчасын берип эле кутулуп кетишет.
+3
zhykyo
2016-11-18 10:22:14
Шок болуп калган экен
+3
aikokul14
2016-11-18 12:32:50
Кудай башка салбасын,катуу коркуп кеткен да,жакшы оздору келиптир,ынсабы бар адамдар экен эртенки кунун ойлогон.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан