Мырзаке-Алайкуу унаа жолундагы кар күрткүсүнөн улам жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"18-ноябрда Мырзаке-Алайкуу унаа жолунун 75-чакырымында көлөмү 360 куб метр, 85-чакырымында көлөмү 400 чарчы метр, 98-чакырымында көлөмү 600 куб метр кар күрткү түшүп, жол жабылган", - деп айтылат маалыматта.
Тазалоо иштерине №26-Жол тейлөө ишканасынан 1 бульдозер, 1 жүктөгүч тартылган.