Бишкекте чала таанышынын 8,5 миң доллар акчасын алып, бербей жүргөн жаран кармалды

Борбор калаада чала таанышынын 8,5 миң доллар акчасын алып, бербей жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз 56 жаштагы Ш.С. кайрылган. Анда ал 2013-жылы ноябрь айында М. аттуу чала таанышы анын ишенимине кирип, 8,5 миң доллар акчасын алып, бүгүнкү күнгө чейин бербей жүргөнүн айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 57 жаштагы К.М. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kroxa
2016-11-20 22:13:20
Чала таанышка наличка 8,5долларын бергени жакшы го...биз болсо машинебизди сузуп салган баладан 5мин долл алалбай калдык якутияга качып кетти 2013-жыл болчу...куйоомдун ишенчээктигин пайдаланды ана берем мына берем милициялашпайлы деп туруп жоголкп кетти,,,кудайга койдук деп отурабыз....ушундай алдамчылар кармалса болот эле...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан