Кемин районунда уурулукка шектелген жаран кармалды

Кемин районунда уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 64 жаштагы Кемин районунун тургуну кайрылган. Анда ал 27-сентябрь күнү саат 06:00 чамасында шаардагы мечиттердин биринин жанынан белгисиз адам велосипедин уурдап кеткенин билдирген.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 37 жаштагы П.Д. аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Учурда ал камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан