Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, учурда "Ала-Тоо" аквапаркынын чатыры өрттөнүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
"Өрт өчүрүү үчүн 4 атайын унаа тартылган. Тилсиз жоо тууралуу маалымат "101" кызматына саат 20:17де түшкөн. Болжол менен 800 чарчы метри өрттөнүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, бул аквапарк Бишкектеги Абсамат Масалиев көчөсүндө жайгашкан.