Бишкектеги аквапаркта чыккан өрт чектөөгө алынды

Бишкектеги Масалиев көчөсүндөгү "Ала-Тоо" аквапаркынын чатырындагы өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Аквапарктагы өрт саат 21:36да чектөөгө алынды. Өрт өчүрүү иштерин полковник Зарылбек Альджанов башкарууда. Учурда 5 өрт өчүрүүчү унаа тартылды", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, өрт тууралуу маалымат "101" кызматына саат 20:17де түшкөн. Болжол менен 800 чарчы метрин өрт каптаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан