Нарында дайынсыз жоголгон 6 адам ашуудан табылды

Нарын облусунда жоголуп кеткен 6 адам табылды. Бул тууралуу 19-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

17-ноябрда кечке маал Ниссан унаасында 6 адам Ак-Сай өрөөнүнөн Баш-Кайыңды айылына жолго чыгып, дайынсыз болуп жаткан. 18-ноябрда ӨКМнын райондук куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары, №20-Жол тейлөө ишканасынын башкы инженери издөө иштерин баштаган эле. Жоголгондор 19-ноябрда таңга маал, саат 04:40 чамасында Ак-Сай өрөөнүндөгү Кында ашуусунан табылды. Унаа жолго тыгылып калганы, унаадагы адамдардын абалы жакшы экени айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
meni_kut
2016-11-19 12:28:27
Аллага шугур.
+25
tulpar90
2016-11-19 12:46:35
Кудайга мин мертебе шугур.
+19
salimbek87.kg
2016-11-19 12:54:01
Жакшы ниет кылып жаттым эле кечинде эсен аман табылсын деп Аллахка шугр .
+28
masha89
2016-11-19 13:01:27
Кудайга шугур. Омурлору узун болсун
+16
Boldukan86
2016-11-19 13:27:17
комментарийлерди окуп ыйлагым келди. дайыма эле ушундай жылуу создор чыгып турса бири бирибизге
+22
Nurmatova.
2016-11-19 13:27:27
Кудайга шугур...
Уй -булосуно эсен аман баршанына шугур...
+15
mamatmusakuzuraziya
2016-11-19 13:40:06
кудайга шугур жакшы болуптур
+13
kanulya01.09
2016-11-19 14:31:06
кудайга шугур табылыптыр, кече окуп кыжалат болдум эле
+12
u.n.m
2016-11-19 15:06:54
кудайга шугур аягын окуп суйунуп кеттим. тонуп калышкан го деп ойлоно баштадым эле.
+15
madina.87
2016-11-19 15:45:21
Аллахка чексиз шугур.
Жакшы ичээр суулары бар экен, аман-эсен табылып калды .
Аябай суйунуп жатам.
Омурлору узуун болсун!
+9
Firdaus-Muslim
2016-11-19 16:01:29
Кудайга шүгүр бар болушсун ар пенде.
+11
osmonsheraliev
2016-11-19 23:51:24
Буга Бакиев куноолу.
+7
tumann.
2016-11-20 06:31:36
osmonsheraliev,ашууларды алып салбаганы учун де.
+2
Chopa2016
2016-11-20 02:07:12
Жакшы ниет кылсан Аллах беретго.Аллага шугур а коркуп жаттым эле
+6
Ramzan1982
2016-11-20 13:08:43
Кандай Болбосун Кыргыздай боорукер мееримдуу эл жок бул ааламда
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан