Жааган кардын кесепетинен Чүй облусунда бир катар турак жайдын чатырлары зыянга учурады

Жааган кардын кесепетинен Чүй облусунда бир катар турак жайдын чатырлары зыянга учурады. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-ноябрь күнү Аламүдүн районунун ГЭС-5 тилкесиндеги сарайдын 300 чарчы метр чатыры калың карды көтөрө албай түшүп калган. Ошол эле күнү Ысык-Ата районунун Ивановка айылында да барак тибиндеги турак үйдүн чатыры калың кардан улам сынган. Ал эми Жайыл районунун Ийри-суу айылында бастырманын чатыры Лексус жана Хонда Фит унааларын басып калган. Бактыга жараша, кырсыктан жабыркагандар болгон эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан