Бишкекте шаар тургуну баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 19-ноябрь күнү саат 08:00 чамасында Бишкектеги Жибек-Жолу көчөсүнөн милиция кызматкерлери тарабынан 44 жаштагы М.У. кармалган. Аны текшерүү учурунда күрмөсүнүн чөнтөгүнөн 7 грамм баңгизат табылган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.