Панфилов районунда 42 жаштагы аял "жарандык никедеги күйөөсүн бычактаган" деген шек менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 20-ноябрь күнү аталган райондун Панфилов айылындагы турак үйлөрдүн биринде болгон.
"42 жаштагы аял жарандык никедеги күйөөсү, 57 жаштагы В.В. менен спирт ичимдигин ичип отурушуп, уруша кетишкен. Кийин аны ашкана бычагы менен ичке сайып салган. Анын кесепетинен В.В. ошол жерден каза болгон. Учурда 42 жаштагы Ш.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп билдиришти Чүй ОИИББинен.