Ысык-Көл облусунда “26 жаштагы кызды унаанын ичинен зордуктаган” деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 20-ноябрь күнү Ак-Суу РИИБине 26 жаштагы кыз кайрылып, 19-ноябрь түнү тааныш баласы аны күч колдонуп, унаасында зордуктап салганын айткан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Ак-Суу районунун Н.О. аттуу тургуну кармалган. Ал мурда “адам уурдоо”, “баңгизатын сактоо”, “баңгизатын сатуу” беренелери боюнча соттолгон. Ошондой эле ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.