Чүй районунда эки жөө адамды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Патрулдук милиция башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 20-ноябрь күнү саат 22:40 чамасында Токмок шаарынан Кегети айылына бара жаткан жолдун 3-чакырымында болгон. Анда белгисиз айдоочу эки адамды сүзүп, качып кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучулардын бири 1975-жылы туулган Таалай ошол жерден каза болгон. Ал эми 1981-жылы туулган Мирлан денесинен оор жараат алып, ооруканага жеткирилген.
Окуядан бир канча саат өткөн соң кырсыкка себепкер болгон унаа аныкталып, аны токтотууга аракет жасалган. Бирок айдоочу Патрулдук милицияга баш ийбей качкан. Мындан улам кызматкерлер ок чыгарууга аргасыз болушкан. Учурда 1997-жылы туулган Жолдош аттуу айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ошол маалда унаанын ичинде өзү теңдүү досу жана эки кыз болгон.