Бишкекте бейбаштыкка шектелип 26 жаштагы кыз кармалды

Бишкекте бейбаштыкка шектелип 26 жаштагы кыз кармалганын бүгүн, 22-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Бишкек ШИИББинин маалыматы боюнча, окуя 21-ноябрь күнү саат 06:20 чамасында катталган. Анда Москва жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде мас абалдагы белгисиз кыз Бишкек шаарынын 31 жаштагы Н.Н. аттуу тургунуна таандык унаанын айнегин сындырып салган. Изи сууй электе кылмышка шектүү катары 26 жаштагы С.К. аттуу Казакстандын жараны кармалган. Учурда ал тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Parish
2016-11-22 12:54:39
Мына мына атын чыкпаса жер ортто деген ушу.
Кыз башы менен ушундай жолго барса башкасын
айтыштын кереги не.
+3
Alinur.Jumagul
2016-11-22 13:20:18
Балким ошого себеп болгондур
+4
aseras
2016-11-22 13:45:39
Казакстандын жараны улуту ким экен?
+3
Rifle_I
2016-11-22 14:09:16
Азыр машинанын айнегин эме, өзүңүн айнегини сындыра тургандар бар.
-2
urmat-87
2016-11-22 14:30:45
танга маал саат алтыда не кылып жургон мас болуп алып кыз башы менен ХХХ
+4
admin_portal
2016-11-22 14:43:00
urmat-87, этика нормаларын сактаңыз!
0
Aizada.jashtyk
2016-11-22 22:14:44
Жакшы иш болбоптурда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан