Бишкектин жаңы конуштарында акысыз медициналык текшерүү өткөрүлө баштады
Бишкек шаарындагы Саламаттыкты сактоо департаменти жаңы конуштарда акысыз медициналык текшерүүлөрдү өткөрүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан маалым болду. Медтекшерүү 12-ноябрда башталып, жашоочуларды саат 9:00дөн 16:00гө чейин кабыл алышууда. Бул иш-чара "Үй-бүлө, тынчтык жана ынтымак" жылына карата уюштурулуп жатат. Дарыгерлер тобунун курамында терапевт, педиатр, кардиолог, акушер-гинеколог, невропотолог, лор-врач, уролог, хирург, медициналык анализдерди өткөрүүчү лаборант, ЭКГ жана УЗИ адистери кирген. Текшерүү 30-ноябрга чейин жүргүзүлөт.