Ошто айылдашын сабап өлтүрүп, талаага көмүп коюшкан балдар кармалышты

Ошто айылдашын сабап өлтүрүп, талаага көмүп коюшкан балдар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын 4-сентябрынан 5-сентябрга караган түнү Кара-Суу районунун Жапалак айылында болгон. Анда 1994-жылы туулган Нурсултан Насировду өзү теңдүү айылдаш балдары сабап өлтүрүп, талаага көмүп коюшкан. Бул окуядан кийин маркумдун эжеси милицияга арыз менен кайрылып, инисинин дайынсыз экенин айткан.

"Бул факт боюнча ыкчам издөө иштери жүргөн. Анын негизинде 10-октябрь күнү маркумдун жансыз денеси табылган. Ал эми 20-ноябрда кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган К.Б., Д.А., М.К. жана 1993-жылы туулган М.Б. кармалган. Алардын айтымдарында, К.Бнын үйүндө ич ара келишпестиктен улам Нурсултан Насировду көптөп сабап, өлтүрүп коюшкан", - деп айтылат Ош ШИИБинин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Suluuushka
2016-11-22 15:08:15
Адамдар эмне болуп баратат акыркы кундору олду олтурду сабада,тоноду деген жанылыктарды окуп жатабыз. Ыйман берсин баарыбызга
+4
briliant87
2016-11-22 15:53:00
МММ...
-11
MAKALAK
2016-11-22 15:53:42
жапалактын жаманы да жата калып ат уркутот
-15
MAKALAK
2016-11-22 15:56:25
оштун усту жапалак.
Суу аласын чакалап.
Кыздарына тийишсен.
Чалдар кетет жакалап
-16
adimyrza
2016-11-22 16:07:46
MAKALAK,жапалак чакалап,акынсынбы макалак
-13
adilet...97
2016-11-22 16:15:42
Жапалак Ош шаарынын карамагында, Кара-Суу районуна карабайт, маалыматты так берсениздер...
-13
Aygir
2016-11-22 16:18:56
adilet...97,Баткенге карайт
-14
Tansuluu09
2016-11-22 16:39:55
Aygir, Жапалак кайда Баткен кайда ойлонуп жазсан.
-8
anuvar0903
2016-11-22 18:54:25
Aygir,
0
kanatt
2016-11-22 17:13:45
Жапалак ,тапалак суу алышат чакалап,балдары кетет жакалап,тийишсен эгер кыздарга, коет сени такалап.Айлан анан кеткенде, бересин сенда шапалак.
-8
meni_kut
2016-11-22 17:18:16
Темага комментарий жазсанар,акын болбой.
+6
Domenator
2016-11-22 17:54:10
Бирөөгө ый,бирөө ыр жазып жатат,өкүнүчтүү…
+7
Antoshka2016
2016-11-22 18:38:11
Ким саяк журсо таяк жейт дечуу беле
0
Naima2604
2016-11-22 21:07:26
Жанакы торт пйылдашын кандай билишкен екен арадан канчай откондо и кандай табышкан дейсинер
+2
Aizada.jashtyk
2016-11-22 22:09:34
Кыныр иш кырк жылдан кийин болсо да билинет
+1
arzuuu
2016-11-23 00:20:22
Айиииий элдердин кайдыгерлинин карасан ар кимиси олду десе жамактап ыр чыгарып жанылмач айтып отурганын.
0
oljazbek
2016-11-24 03:37:16
Ушул маалыматтарды Ж.Б Т.Б деп жазганынар вообще жакпайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан