Ош шаарынын тургуну 2 килограммга жакын баңгизат менен кармалды

Ош шаарынын тургуну 2 килограммга жакын баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-ноябрь күнү милиция кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын Абдыкадыров көчөсүндөгү турак үй текшерүүгө алынган. Натыйжада мештин жанынан 2 кара пакет табылган. Анын ичинде 1 килограмм 864 грамм героин болгон. Учурда 1966-жылы туулган үй ээсине кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aytur
2016-11-22 18:24:57
Милицияга бироо кабар берип анан текшерүүгө алышат да э?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан