Бишкекте унаа уурдоого аракет кылган жаран кармалды

Бишкекте унаа уурдоого аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 21-ноябрь күнү милиция кызматкерлерине И.У. аттуу шаар тургуну кайрылып, 17-ноябрь түнү белгисиз адам Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаасынын айнегин сындырып, айдап качууга аракет кылганын айткан. Бул боюнча ыкчам издөө иштери жүрүп, анын негизинде кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган С.Т. кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Musabaeva.
2016-11-23 14:20:35
Бешиктен бели чыкпай туруп, эмнеге ушундай ишке барды...?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан