Ысык-Көл облусунда “32 жылкы, 7 уй уурдаган” деген шек менен мурдагы айыл өкмөт башчысы башында турган кылмыштуу топ кармалды

Ысык-Көл облусунда “32 жылкы, 7 уй уурдаган” деген шек менен мурдагы айыл өкмөт башчысы башында турган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, кылмышка шектүү катары Кочкор районунун 49 жаштагы тургуну Э.Эдилбек, 36 жаштагы Б.Эстебес, 37 жаштагы М.Дуланбек жана дагы бир жаран кармалган. Алар бир канча жылдан бери Ысык-Көл, Чүй жана Нарын облустарында мал уурулук менен алектенип келишкен.

5 адамдан куралган кылмыштуу топтун башында 49 жаштагы Э.Эдилбек турган. Ал мурда Кочкор районундагы айылдардын биринде айыл өкмөт башчысы жана айылдык кеңештин депутаты болуп жүргөн. Кылмыштуу топко өзүнүн өкүл баласын жана туугандарын тарткан. Алар жыл башынан бери Тоң районунан 32 баш жылкы, Ысык-Көл районунан 7 баш уй уурдашкан. Аларды союшуп, Бишкекте эт саткандарга дүңүнөн өткөрүп келишкен. Учурда кармалгандар тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат. Ал эми кылмыштуу топтун бир мүчөсү Кочкор РИИБ тарабынан кармалып, камакка алынган”, - дейт Сталбек Усубакунов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
abusait
2016-11-23 11:38:55
Балык башынан , анан урук туугандарынан бери сасып кетиптирго.. Жазаларын беришсин эми акчаларына чыгарып жибербей.
+5
zhykyo
2016-11-23 11:47:03
Тош белгини тагынып алып бул депутат кылгылыкты кылып жургон экен даааа нуууу тош белгиге куболуко кеткен кайран мамлекеттин акчалары
+3
Arslan12
2016-11-23 12:29:03
zhykyo,Алтындан десен дагы, канчасы тагынып журот, канчасы тагынат элдин акчасына!
+2
Mirzohidjon
2016-11-23 13:01:00
Аттарын толук жазып, суротторун бекитпей коргозо турган кундор да келет бекен...
+2
ruslanz
2016-11-23 13:31:15
Бул жерде Колдон уурдаганын эле жазыптыр, а Кочкордончу, озунун айылынанчы ( Дон Алыш).айыл окмот, депутат болуп жургон неме.
+2
simone
2016-11-24 01:46:56
Бети жоктор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан