Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү баңгизат менен кармалды

Ош облусунда 36 жаштагы жаран 1 килограмм баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүү катары 1980-жылы туулган З.Т. кармалган. Ал Кара-Суу районунун тургуну. Анын жашаган үйүн текшерүү учурунда короосунан 1 килограмм гашиш табылган.

"Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Шектүү З.Т. буга чейин бир канча жолу сот жообуна тартылган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган", - деп билдиришти Ички иштер министрлигинен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан