Нарын облусунда тургундардан мыйзамсыз сакталган 1,3 килограмм баңгизат алынды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, милиция тарабынан Кочкордо 53 жаштагы тургун кармалган. Анын чөнтөгүн текшере келгенде кагазга оролгон, өлчөмү 3 граммды түзгөн баңгизат табылган. Ал эми үйүн текшерүү учурунда чаканын ичинен 1 килограмм 54 грамм, өзүнчө турган 92 грамм баңгизат табылган.
Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Алынган заттын марихуана экени аныкталды.