Сокулук районунун Комсомол айылында кичи автобус жолдон чыгып кетти. Бул тууралуу кырсыктын күбөсү билдирди.
Анын айтымында, окуя 23-ноябрдан 24-ноябрга караган түнү орун алган. Буга жолдун тайгактыгы себеп болгон. Кырсык учурунда унаанын ичинде айдоочудан башка жүргүнчүлөр болгон эмес. Айдоочу жана унаа жабыркаган эмес.