Чаткалдагы шахталардын биринде сурьма казып жаткан 17 жаштагы баланы жер кыртышы басып калды

Чаткалдагы шахталардын биринде сурьма казып жаткан 17 жаштагы баланы жер кыртышы басып калды. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 24-ноябрга караган түнү Терек-Сай айыл аймагындагы шахтада болгон. Анда 250 метр тереңдикте жер кыртышы 1999-жылы туулган Нурсеит Мухаммед уулун басып калган.

"Кырсык болгон учурда Нурсеит Мухаммед уулунун жанында андан сырткары 5 адам болгон. Бактыга жараша, алар жаракат алышкан эмес. Алар шахтада мыйзамсыз сурьма казып жатышкан. Учурда маркумдун жансыз денеси туугандарына өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти ӨКМдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
A3A
2016-11-24 16:39:14
жаткан жери жайлуу болсун
+6
batkenim2016
2016-11-24 16:56:36
Жараткан бейишиненберсин туугандарына сабыр тилейм
+4
Rifle_I
2016-11-24 17:30:37
Ушунун баары жумушсуздуктан келип чыгып жатат. Билинбейт деп канчалаган акчаларды жеп коюп, эми анын кесепети карапайым элге тийип жатат.
Жөнөкөй эле мисал: ун арзандайт деп салыктан бошотуп , жыйынтыгында ун кайра кымбаттады.
Элибиз качан оңолобуз, ошондо жакшы президент келет. Себеби ар ким өзүнө окшогонду тандайт. Ою жаман киши эч качан жакшы адамды тандабай, өзүнө окшогонун тандайт. Биз да өзүбүзгө окшогон президент, депутат тандап жатабыз.
+3
Rifle_I
2016-11-24 17:33:07
120 жепжутат шайлап алдык эле, болбоду дегенде 20-30 жепутат жумуш ордунда отурат. Калганы кайда ?
Ишенбесеңер пирамида каналынан көргүлө.
Азыр шаардык кеңешке депутат шайлоо болуп жатат. Кандай гана кооз убадаларды угуп жатабыз. Кана мурунку шайлоодогу убада ? Алар жок, жумуш ордунан кеткен. Убадасы курулай эле.
Жоопкерчилик жок өзүбүздө, ошого жоопкерчиликсиз депутаттарды шайлап жатабыз.
Бизде жумуштан бошосо болду, жоопкерчиликтен да бошойт. Азыр убадасын аткара алб
+3
nura.177
2016-11-24 19:22:15
Rifle_I, туура айтасын эптеп болбогон акчага добуштарын сатып жиберишип эми эмне иштебейт деп кутуп жатабыз , алар анда санда бир жылт этип койуп беш жылга чейин бизди унутушту кайран гана куйгон элбизда
+3
Rifle_I
2016-11-24 17:34:28
Жок дегенде 10-15 жылга, алдамчылык деп. Массалык алдамчылык.
Эми баардык депутаттарга алтын жалатылган төш белги даярдалат. Анын акчасына канчалаган мектеп бүтөт. Акырында келип түрмөлөрдү куруп жатат, заманбап деп мактанганычы.
+4
pavlik.100
2016-11-24 17:36:17
Андан көрө 120 жепжутатты басып калбаптыр
+7
muras111211
2016-11-25 03:31:12
pavlik.100,депутаттын баары эле жепжутат эмес да.арасында эл учун иштегендер жок эмес.
-2
Tiguuchu
2016-11-24 17:42:32
Мурда айтып кеткендей пенсионерлер да ордуларын бошотсо,жаштар иштеп жумушсуздук канчалык бир денгээлде азаймак.
+4
Rifle_I
2016-11-24 19:13:05
Оңой менен бошотпой калды го.
+2
nura.177
2016-11-24 19:19:51
Tiguuchu, айылдагы карапайым калк иштеген пенсионелер иштей берсин мынабул креслого ХХХ кетмейсайын биздин кыйналганыбыз кыйналган
+2
admin_portal
2016-11-25 09:40:47
nura.177, этика нормаларын сактаңыз!
0
muras111211
2016-11-25 03:31:57
Жайы жаннатта болсун.ата энесине бир туугандарына сабр тилейбиз.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан