Кытайдагы электр станцияларынын бириндеги кырсыктан 67 адам каза болду

Кытайдагы электр станцияларынын бириндеги кырсыктан 67 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн эртең менен Цзянси провинциясындагы электр станциясында болгон. Анда муздатуучу мунараны куруу үчүн орнотулган платформа урап калган. Натыйжада 67 адам каза болуп, 2 адам жабыркаган. Учурда кырсык болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр, "Тез жардам" кызматкерлери иштеп жатышат.

Кытай өкмөтү кырсыктын келип чыгуу себептерин тактап, ага күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керек экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Musabaeva.
2016-11-24 18:30:00
Кытай эли авария менен эле кырылып кетпесе болгону, жаман кун алыс авария болуп,абдан окунучтуу.
0
Nurik9108
2016-11-24 18:50:19
Кытайда бир кирпич түшсө деле эки-үч адамдым башына тийсе керек себеби булар өтө көпго
+10
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан