25-ноябрга караган түнү саат 00:54тө Тажикстан менен, саат 02:11де Өзбекстан менен кесилишкен аймактарда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, биринчи жер титирөөнүн күчү 4 баллга жетсе, экинчисинин күчү 3 баллга жеткен. "Алдын ала маалыматка таянсак, эч кандай кыйроолор жана жабыркагандар болгон жок", - деп билдиришти ӨКМдан.