Интернетке Азиз Батукаевдин сүрөттөрү жарыяланды

“Компромат кг” Фейсбуктагы баракчасына коомчулукка кылмыш дүйнөсү аркылуу таанылган Азиз Батукаевдин сүрөттөрүн жарыялады. Анда “өлгөнү калды” делген Батукаев жакын санаалаштары менен бирге отурганын көрүүгө болот. Бул тууралуу Ички иштер министрлигине кайрылганыбызда, Азиз Батукаевдин Кыргыз Республикасында эмес экенин билдиришти. Ошондой эле "Манас" аэропортундагы сүрөт мурда тартылганын кошумчалашты.

Эскерте кетсек, 2013-жылдын 9-апрелинде Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен.

Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча коомчулукта кызуу талкуу жүрүп, күнөөлүүлөр изделип жаткан кезде ошол учурдагы КРнын Вице-премьер-министри Шамиль Атаханов өз каалоосу менен арыз жазып, отставкага кеткен. Ушул эле окуяга катыштыгы бар деп айтылып жаткан акыйкатчы Турсунбек Акун боюнча ЖК өткөн жылы 27-июнда токтом кабыл алып, ал кызматынан четтетилген. 2014-жылдын 23-майында Азиз Батукаевге издөө жарыяланган.

2014-жылы 24-сентябрда Грозный шаарындагы Ленин райондук соту тарабынан Батукаев 3 жылга эркинен ажыратылган. Аны Кыргыз Республикасына өткөрүп берүү өтүнүчү Орусияга жиберилген. Орусиянын Башкы прокуратурасы Азиз Батукаев Орусияда жазасын өтөгөндөн кийин аны Кыргыз Республикасына өткөрүп берүү маселеси караларын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
tulpar90
2016-11-25 12:39:08
Р.Кадыровдун бир ооз сөзү менен Путин Атамбаевге буйрук берген ,ошону менен иш бүттү.
+4
bom.bon
2016-11-26 12:43:01
tulpar90,100% кошулам
0
stimyl.kg
2016-11-25 12:48:22
Буга да бакиев куноолу болсо керек атамбаев айткандай )))
+14
557
2016-11-25 12:53:51
Мына азыркы бийликтин жузу мына акчанын кучу мына сага. КАЙДАГЫ АКЫЙКАТ ЧЫРКЫРАП КЫРГЫЗДЫН БАЛДАРЫ АК ЖЕРДЕ ТУРМОДО ХХХ ЖАТАТ
+7
admin_portal
2016-11-25 13:08:42
557, порталдын эрежелерин сактаңыз!
-4
Takai
2016-11-25 12:57:10
Ушунун баарына АША күнөөлү болуш керек! Кудай жазанырда берсин!
+12
tulpar90
2016-11-25 13:01:27
Takai,болушу керек эмес эле ошол эле Атамбай күнөөлүү,
+10
KG_01
2016-11-25 13:07:02
Арттагы, ууналардын номерлери так даана корун турат ,ошолор аркулуу да текшерип издешсе болмок
+5
tulpar90
2016-11-25 13:19:51
KG_01,э эээ ким издемек эле баары сатылып жатса.
+7
BarsBaatyr
2016-11-25 13:18:36
Дагы акчасын ал,дагы ХХХ,дагы ашын же...анан кайра шайлап ал.Азыр адырандай беребиз.Кудай кааласа аз калды шайлоого дагы.Эски кейпибизди кийип дагы да болсо акча,арак,ашка алдана беребиз.Бизге дагы чала болот.
+5
admin_portal
2016-11-25 15:23:03
BarsBaatyr, этика нормаларын сактаңыз!
-3
kenjebek_a
2016-11-25 14:04:01
Биздин чондордо намыс ариет жок.АША койгон министр канча РОВД бар экенин санап буткучо,тем боле шайлоо жакын калды,дагы кобу качат.
+4
bektemiroff994
2016-11-25 14:20:55
Эгер айыккыс дартка чалдыккандарды ушинтип кое берсе,канча кыргыз айыккыс дартка чалдыгып абактарда жатышат,ошолорду да кое бербейби анда,фу кыргыз бийлигине,кылган иштерин уккан сайын кыргыз болуп жаралганына окуносун?!(((
+6
Taalai94
2016-11-25 16:52:22
Намыс деген нерсе жашабайт экенда бул чондордо.
+2
civic93
2016-11-25 17:04:57
Лейкоз деп чыгарган эле бир жакшына журотко. Лейкоз деп диагноз койгон ошондогу мин.здравтыда сот жообуна тартуу керек.
+3
Abubakir05
2016-11-25 18:43:27
Озубуздун Алманбетти да ошентип коргосо жакшы болмок биздин бийлик озубуздон чыккан кыйындарды жок кылып бироого жагынып жашайт
+4
Gul14kA
2016-11-25 18:49:24
Чыркыраган чындык турат тобоодо, Бироо дагы конул болуп койгон жок. Мен мындамын деп ансайын ун катат. Акча бийлеп алган баарын ондонот. Адамзаты азгырылып акчага, кылмышкерлер кылмыш кылып жатса да. Куноокорду издейт аппак адамдан, мандайында чындык ыйлап жатса да. Адилеттуу адамзаттын саны да, кундон кунго азайгансып баратат. Чындык журот дале озун айталбай,Ал анткени акча бийлеп баратат. Ак ийилет, бирок сынбайт билгинин. Бир кун келип аныкталат кимдигин. Таза иштеп,арамдыктан алыс бол, Башын
+3
Djal1987
2016-11-26 00:45:50
Кудайдын соту болгондо эч ким эч жакка кача албайт, качыра да албайт,
0
Totyua.71.
2016-11-26 09:31:15
Батукаевди бошоткондор эркиндикте журушот,эгерде мунун ордунда карапайым адам болгондо омур бою турмодо чиритмек ,бул биздин бийликтин алсыздыгы акчага коз карандылыгы уЯТЫ, НАМЫСЫ ЖОКТОР!
+2
-NURIK-
2016-11-27 15:34:14
ХХХ
0
admin_portal
2016-11-28 10:29:21
-NURIK-, этика нормаларын сактаңыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан